№100289: Эмгек акынын толонушу

10.11.2022 | Просмотров: 1126

Ушул жылдын авгус айында муниципальдык бала бакчадан мамлекеттик бала бакчага окмоттун сунушу менен райондук билим беруу болумунун буйругунун негизинде которулдум, бакча иштери толугу менен аяктабай убагында ишке кирбей калды.

Мен бакчанын докумен иштерин бутуруп жумушчуларды кабыл алып балдардын документтерин кабыл алдым. Бакчанын сырткы иштери бутбой иш баштай албайтабыз.

Мага эч кандай эмгек акы толонбой жатат. Районодон качан бакча иштегенде толонот деп койду.

Мен 4,5 айдан бери эмгек акы албадым, эмгек оргуу да жок, расчет да албадым

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
14.11.2022 13:09

Саламатсыналарбы, менин оюмча, сизге бала мурдагы бала бакчадан которулгандан кундон баштап сизге карыз эмгек акыны тологонго. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИ 2004-жылдын 4-августу № 106 69-статья. Башка ишке которуу Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ошол эле уюмдагы башка туруктуу же убактылуу ишке которууга, башкача айтканда эмгек иш-милдеттерин же эмгек келишиминин колдонуудагы шартын өзгөртүү, ошону менен катар башка уюмдагы туруктуу ишке, болбосо уюм менен кошо башка жерге которууга кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет. Кызматкердин ден соолугунун абалына каршы келген ишке аны которууга тыюу салынат. Тиешелүү мыйзамдарда мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды тиешелүү мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта иштөө өзгөчөлүгүн эске алуучу башка туруктуу жана убактылуу ишке ротациялоо өзгөчөлүгү белгилениши мүмкүн. 70-статья. Орун жылыштыруу Иш берүүчү кызматкерди мурда иштеген жеринен ошол уюмдун ошол эле жердеги башка түзүмдүк бөлүмчөлөрүнө иш тапшыруусу, башка механизмде же агрегатта иштөөнү тапшыруусу, эгерде бул эмгек иш-милдетин өзгөртүү… Подробнее »

Юрист
14.11.2022 13:11

Ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн пайыздардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашуусу мүмкүн эмес. Пайыздардын эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү иш берүүчү тарабынан эмгек укук мамилелерине байланышкан эмгек акы, өргүү жана башка төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тарта мезгилге карата жана кызматкер тарабынан иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө талап койгонго чейин гана колдонулат. Кызматкер иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу талап койгондон кийин пайыздардын эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн пайыздар иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет. (КР Эмгек кодексинин 157 статьясынын 6 абзацы). КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ2021-жылдын 28-октябры № 128  90-берене. Эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду төлөбөө  1. Менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамынын эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду жана социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн багытталган акча каражаттарын өз багытында колдонбоосу, бул алардын… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!