№110316: Эмгек оргуу жана кош бойлуулук жана торот боюнча оргуу жонундо

10.04.2024 | Просмотров: 420

Саламатсыздарбы!

КР Президентинин Жарлыгынын негизинде азыркы учурда АТР журуп жатат. Ошол себептен биздин айыл окмот жана башка бир нече айыл окмоттор биригишти.

Бирок бизге жыл башынан эмгек оргууго чыгууга тыюу салынып торот боюнча эмгек оргууго бир кун калганда жумуштан кыскартылып кеттим.

Азыркы учурда же отпуска жок же декретный жок отуруп калдым. Жаны тузулгон айыл окмоттон отпускной жанан декретный алууга укугум барбы?

Эмгек кодексинде кош бойлуу аялдар эмгек оргууну кезексиз алууга укуктуу деген берене бар жана кызматчы жумуштан бошогон учурда ага эмгек оргуу толонуп берилет деген беренелер бар экен.

Жогорудагы мыйзаидарга таянып арыз жазсам болобу?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
12.04.2024 15:54

Саламатсызбы, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматына арыз менен кайрылсаныз болот. Даректери жана байланыш маалыматтары: https://trudnadzor.kg/ky/contacts/ Же сотко кайрылсаныз болот. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИ 2004-жылдын 4-августу № 106 (акыркы 2022-жылдын 23-декабрындагы N 123 КР Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 398-статья. Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо ыкмалары Кызматкерлердин эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун негизги ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат: — эмгек мыйзамдарын бузбай сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль; — кесиптик бирликтер жана башка өкүлчүлүктүү органдар тарабынан кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо; — эмгек укуктарын кызматкерлер өздөрү коргошу. 411-статья. Жекече эмгек талаш-тартыштары Иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы төмөнкү маселелер боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестиктери жекече эмгек талаш-тартыштары таанылат: — кызматкерге эмгектин жаңы же болгон шарттарын өзгөртүүнү белгилөө; — эмгек жөнүндө мыйзамдарды, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди, уюмдун локалдуу ченемдик актыларын, ошондой эле эмгек келишиминин шарттарын (доо мүнөзүндөгү талаш-тартыштар) колдонуу. Жекече эмгек талаш-тартышы катары ошол иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган… Подробнее »

Юрист
12.04.2024 15:57

413-статья. Эмгек талаш-тартыштарын кароо тартиби Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо тартиби ушул Кодекс, башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат, ал эми мындан тышкары ушул талаш-тартыштарды сотто чечүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдары менен аныкталат. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. Ушул Кодекс менен белгиленген эмгек талаш-тартыштарын кароо тартиби коомдук уюмдарда шайлануучу акы төлөнүүчү кызматтарды ээлеген кызматкерлерге карата колдонулбайт. Шайлануучу кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда жумуштан бошотуу аларды шайлаган органдардын чечими боюнча гана болушу мүмкүн. 414-статья. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарга кайрылуунун мөөнөттөрү Кызматкер жекече эмгек талаш-тартыштарды чечүү боюнча өзүнүн укуктары бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 3 айдын ичинде, ал эми жумуштан бошотуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча жумуштан бошотуу тууралу буйрук менен таанышкандан же эмгек китепчеси берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде жекече эмгек талаш-тартыштарын кароочу органдарга кайрылууга укугу бар. Иш берүүчү кызматкер тарабынан уюмга келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча келтирилген зыян билинген… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!