№72617: Карызга толой албай жатамын

21.04.2021 | Просмотров: 439

Саламатсынарбы!

Менин суроом мындай. Мен соода менен алектенемин .1,5 жыл мурун жергиликтуу 3 башка фирмадан карызга товар алып иштеп баштадым. Товарды карызга беришчу. Мурунку карыздардын бир болугун улам жаап , кайра дагы карызга товар алып турчумун. Бирок бир жылдан кийин иштер артка кетип , пайда болбой зыянга учурап калдым. Карызга алган товарлардын бир болугун колдон келишинче толоп бердим. Эч кандай мулкум жок. Калганын толой албай жатамын. Карыздарымды да танбаймын. А тугул алар менен байланышып, биртке акча табып алардан кайра эле нак акчага товарларын алып сатамын.

Ушинтип акча табып толоп берейин деп айканмын, алар макул болушкан. Ошентип 3 ай иштеп бираз карызды дагы кыскарттым. Кийин январь айынан баштап тапкан кирешем кунумдук чыгашадан ашпай жатат. Алар да чыдабай калышты , коркутуп башташты.Мен да аябай кыйналдым. Койо тургула десем болбой жатышат.Ортодо эч кандай кагаз турундо келишим болгон эмес. Мен аларга карызды толобой койу ниетинде эмесмин. Бирок азыр толой албай жатамын. Алар мени тынч койбой жатышат. Уй-булоолумун 3 балам бар, квартирада турамын.

Мага кенеш берсенер укуктук жактан кандай кылсам туура болот.

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
22.04.2021 04:42

Саламатсызбы, сиз сот аркылуу болуп толоо тууралуу суранычы менен кайрылсаныз болот.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!