№92911: Эмгек кодекси

08.04.2022 | Просмотров: 508

Жардам бериңиздерчи суранам.

Айыл окмотундо штаттык бирдигинде бир бош адис орду которулуп кеткендигине байланыштуу бошоп жатат.

1.Ошол адистин ордуна туруктуу негизде жумушка туруш учун кандай аракеттерди корушум керек?

2. Конкурс откорууго мараторий жарыяланды дешет ушул чынбы?

3. Ушул эле айыл окмотунун кадрдык резервине туруу учун кандай аракеттерди корсом болот?

Учурда ушул айыл окмотто акы толонбоочу эмгек оргуудогу жетектоочу адистин милдетин аткарып иштеп келуудомун 2 жылдан бери.

Алдын ала чон рахмат.

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
08.04.2022 13:13

Саламатсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 27-октябры № 125 (2022-жылдын 18-январындагы №4 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» 10-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви   1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары — кадрлар резерви) — административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобу. 2. Кадрлар резерви ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өз алдынча түзүлөт. 3. Кадрлар резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкерлерден турат. Кадрлар резервине төмөнкүлөр кирет: 1) бул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар; 2) органды кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узак мөөнөттүү эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар; 3) ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары. 4. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурсту өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.   16-берене.… Подробнее »

Юрист
08.04.2022 13:17

17-берене. Өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби

 

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленет.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча дайындоо өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылуучу айрым административдик кызмат орундарынын тизмеги мамлекеттик жана муниципалдык орундардын реестринде белгиленет.

3. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү эрежелери Президент тарабынан белгиленет.

Резервисттер Улуттук кадрлар резервиндеги резервистердин тизмеси https://mkk.gov.kg/?lang=uz

https://mkk.gov.kg/%d1%80%d0%b5%d0%b3%d0%b8%d0%be%d0%bd%d0%b0%d0%bb%d1%8c%d0%bd%d1%8b%d0%b9-%d1%80%d0%b5%d0%b7%d0%b5%d1%80%d0%b2-%d0%ba%d0%b0%d0%b4%d1%80%d0%be%d0%b2/

https://mkk.gov.kg/%d0%bd%d0%b0%d1%86%d0%b8%d0%be%d0%bd%d0%b0%d0%bb%d1%8c%d0%bd%d1%8b%d0%b9-%d1%80%d0%b5%d0%b7%d0%b5%d1%80%d0%b2-%d0%ba%d0%b0%d0%b4%d1%80%d0%be%d0%b2/

С уважением,
Муратбек Азимбаев

тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com

 Twitter: @MuratbekAz

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!