№42074: Бала ким менен калат

09.11.2021 | Просмотров: 687

Мен келинчегим менен официльдуу турдоо ажыраша элекбиз, 2 балабыз бар (4жаш 2жаш) келинчегим азыр кичи балабыз менен Ата Энесинде айыл жергесинде, чон балабыз менин Ата Энем менен, Биз Россиядан шарият жолунда ажыраштык, азыр мен убактылуу Россияда элем, менин бир гана аракетим чон балабызды озумо калтырайын деп жатам, Эгер чон баламды да келинчегим алып кетип калса эмне кылам? Мен балдар келинчегим Ата Энем жашаган пропискада, уйдо шарттар бар копсуз ынгайлуу баламдын келечеги учун дагы, жаныбызда бала бакча мектеп деги баары бар, чем айылдан караганда…

Мен баламды кантип озумо алып калам, сотту утсам болобу?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
09.11.2018 22:05

Саламатсызбы !

Уй- булоо Кодексинде корсотулгон, ата- эненин укуктары менен жана милдеттери бирдей. Бул суроону кароодо сиз айтып откондой уй-шарты, бала бакча , мектеп жана баланын  атасына жана энесине болгон озгочо мээрими жана башка  ушул сыяктуу жагдайлар эске алынат. Бул соттук иш , татаал болгондуктан сиз жактоочунун жардамына муктажсыз. Баарысы далилдердин негизинде чечилет.

Сизди терен урматтап , юрист Нурила Сулайманова . Томонку номер менен байланышыныз , баарысын кененирээк талкуулайбыз. 0778506142

Юрист
11.11.2018 09:55

Саламатсызбы, Сиздин берген суроонузга берилген коллегиянын жообуна кошумча:

Биринчиден Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан Үйбүлөө мамилелери жөнүндө (Үй бүлөө кодекси) Мыйзамдарда шариат боюнча ажырашуу тартиби каралган эмес, ошондуктан сиз Сиз жашаган же катталган жер боюнча сот органдары тарабынан ажырашуу боюнча доо менен кайрылуунуз зарыл, ошону менен эле бирге доо арызда балдардын жашаган жерин аныктоо боюнча сотко доо келтирсениз болот. Мындай доо арызга атайын тиешелүү органдардын иш кагаздары тиркелүүсү зарыл. Негизинен, келинчегиниз менен балдардын ким менен калып жашоосу боюнча келишимге келсениз да болот, мында келишим нотариус тарабынан тастыкталуусу зарыл.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!