№95023: Жумуштан бошотуу, Айлыгым жолума эле кетип калат экен

19.05.2022 | Просмотров: 385

Айлык аз ошон учун мен кайсы статья менен кетсем жакшы балдарга пособие алыш учун?

Айлыгым жолума эле кетип калат экен

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
19.05.2022 17:25

Саламатсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИ 2004-жылдын 4-августу № 106 (Акыркы 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 82-статья. Кызматкердин демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча) эмгек келишимин бузуу Кызматкер аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишимин же мөөнөттүү эмгек келишимин бузууга ал тууралу иш берүүчүгө 2 жума эрте (14 календардык күн) жазуу жүзүндө арыз берүү менен бузууга укугу бар. Эскертүү мөөнөтү бүткөндө кызматкер ишти токтотууга укуктуу, ал эми иш берүүчү анын эмгек китепчесин берүүгө жана ага эсептелген сумманы төлөөгө милдеттүү. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими эскертүү мөөнөтү бүткөнгө чейин да бузулушу мүмкүн. Эскертүү мөөнөтүнүн аралыгында кызматкер өз арызын кайра чакыртып алууга укуктуу, эгерде анын жумуш ордуна башка кызматкер жазуу формасында чакырылбаса, ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык эмгек келишимин түзүүгө баш тартууга мүмкүн болбогондо. Кызматкердин демилгеси боюнча иштен бошонуу жөнүндө арызы ал ишти улантууга мүмкүн эместиги менен шартталган учурларда (билим берүү уюмуна кабыл алынган, пенсияга чыккан же башка жүйөлүү себептер), ошондой эле иш берүүчү эмгектик… Подробнее »

Юрист
19.05.2022 20:39

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат «Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат: 16 жашка чейинки балдары бар;Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат? «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат: – айлык акы, стипендия; – ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде); – жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар. «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт? «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт: – пенсиянын бардык түрлөрү; – мамлекеттик жөлөкпулдар; – сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар; – кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар; – жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар. Жөлөкпул дайындалбайт, эгерде үй-бүлөдө бар болсо: иштеген абалдагы:– даярдоочу завод чыгарган жылы 20 жылдан аз колдонуу мөөнөтү болгон, ошондой эле даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо 20 жылдан… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!