№34520: Мен өргүүдөн чыгып келгенден кийин арыз жазып өз каалоом менен жумуштан чыксам болобу?

12.04.2022 | Просмотров: 2161

Менин эмгек өргүүм 7-майда бутот. Турмуш шартыма байланыштуу жумуштан бошонууга туура келип жатат.

Ал эми, мен өргүүдөн чыгып келгенден кийин арыз жазып өз каалоом менен жумуштан чыксам болобу? Тосколдуктар болбойбу,жетекчилик тарабынан? (иштеген жерим мамлекеттик иш кана)

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
12.04.2018 10:33

Болот. Кызматкер аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишимин же мөөнөттүү эмгек келишимин бузууга ал тууралу иш берүүчүгө 2 жума эрте (14 календардык күн) жазуу жүзүндө арыз берүү менен бузууга укугу бар. Эскертүү мөөнөтү бүткөндө кызматкер ишти токтотууга укуктуу, ал эми иш берүүчү анын эмгек китепчесин берүүгө жана ага эсептелген сумманы төлөөгө милдеттүү.

Мындан тышкары, Сиз учурда эмгек өргүүдө жүрүп да кызматтан бошонуу үчүн арыз берсеңиз болот. Эгерде эмгек өргүүдө жүрүп жумуштан бошоо жөнүндө арыз жазып, бирок кайрадан бошонуу себептери жоюулуп калуу менен жумушту улантууну чечсениз, башта жазган арызынызды чакыртып алсаныз да болот, эгерде ал кызматкердин ордуна жазуу жүзүндө башка кызматкер, ошондой эле Эмгек Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык ага эмгек келишимин түзүүдөн баш тартууга болбогон кызматкер чакырылбаган болсо.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!