№87946: Балдарым ким менен калат

19.12.2021 | Просмотров: 690

Мен аялым мн шарит жолунда ажырашып кеткенмин мыйзамду эмес анан ортодо 3 балам бар азыр алар аялымдын апасында аялым озу да питерге келе берген. Мени балдарым мн суйлоштургону уруксат бербей жатат.

Мен ажырашканга жетерлу далилим бар ошол учун ажырашкам анан кайра мен уйлонуп алгам башкага бирок аялымдын ата энесинин балдарда акысы барбы же жокбу алар балдарым мн суйлоштургону уруксат бербейт биз офицалду ажырашып кетсек балдар кимде калат бирок алардын айылда шарты жок окутканы бала бакча мектеп деген нерсеси жок а мен озум ошто турам шаарда мен сотко берип балдарымы алып алсам болобу же апасында журуш керекби алардын окутканга шартыжок болсо деле

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
19.12.2021 18:19

Саламатсызбы!
КР Үй-бүлө кодексининин 66-беренесинк ылайык ата-эне балдарына бирдей укук жана милдеттерге ээ.
.
Балдарды өзүңүзгө алгыңыз келип жатса, анда «балдардын жашаган жерин сиз менен аныктап берүү» боюнча доо арыз менен сотко кайрыласыз.
.
Же болбосо сотко кайрылып, балдар менен сүйлөшүүнүн графигин аныктатып алсаңыз дагы болот.
.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 0707 903 704 (вотсап) номерине байланышсаңыз болот.

Юрист
19.12.2021 21:36

Салматсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСи 2003-жылдын 30-августу № 201 24-статья. Жубайлар никени бузууга өзара макул болушканда никени сот тартибинде бузуу 1. Ортодо жашы жетпеген балдары бар жубайлар никени бузууга өзара макул болушса, ошондой эле ушул Кодекстин 22-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жубайларды сот ажырашуунун жүйөсүн териштирбестен эле никени бузат. Жубайлар соттун кароосуна ушул Кодекстин 25-статьясынын 1-пунктунда каралган балдар жөнүндө макулдашууну берүүгө укуктуу. Мындай макулдашуу жок болсо, же эгерде макулдашуу балдардын кызыкчылыгын бузуп жатса, сот ушул Кодекстин 25-статьясынын 2-пунктунда каралган балдардын кызыкчылыгын коргоочу чараларды көрөт. 2. Сот тартибинде никени бузуу никени бузуу жөнүндө жубайлар арыз берген күндөн тартып кеминде бир ай өткөндөн кийин сот тарабынан жүргүзүлөт. 25-статья. Никени бузуу жөнүндө чечим чыгарылганда сот тарабынан чечилүүчү маселелер 1. Сот тартибинде нике бузулганда жубайлар жашы жетпеген балдары алардын кимиси менен жашай турганы жөнүндө, балдарын багууга жана(же) эмгекке жөндөмсүз жубайына каражат төлөп берүүнүн тартиби, бул каражаттардын өлчөмдөрү, болбосо жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү тууралу макулдашууну соттун кароосуна… Подробнее »

Юрист
20.12.2021 13:56

Саламатчылык!

Сиз сотко кайрылып озунузго алсаныз болот. Себеби, энеси оз балдарын тай- энесине таштап башка мамлекетте журот. Бирок балдарыныз 10 жаштан ашкан болсо, сот процессинде ким менен жаштагысы келери аныкталат.

Юрист Нурила Сулайманова.

Байланыш номерим: 0500-506-142

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!