№71372: Загс тууралуу маалымат керек

02.03.2021 | Просмотров: 685

Биз загс ала елекпиз 3жыл болду, жолдошум Москвада, мен Кыргызстандан.

кантип алсак болот? 

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
02.03.2021 23:30

Нике никеге туруп жаткан адамдардын жеке катышуусунда, алар жарандык абалдын актыларын жазуу органына арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен бекитилет. Андыктан, никеңиздерди каттоо жолдошунуздун катышуусунда зарыл болгондуктан, ал Москвадан келгенге чейин никениздерди каттоо мүмүкүн эмес.

Юрист
03.03.2021 08:34

Саламатсызбы, 

Жок, чогуу барыш керек ЗАГСка. 

Юрист
03.03.2021 11:41

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 1-августу № 110 Жарандык абалдын актылары жөнүндө 20-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо үчүн негиз Нике курагына толгон эркек менен аялдын биргелешкен арызында баяндалган ыктыярдуу эркин билдирүүсү никелешүүнү мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналат. Никеге туруп жаткан адамдардын биринин: эркектин же аялдын биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, никеге туруучу адамдын эркин билдирүүсү никелешүү жөнүндө өзүнчө арызы менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Никеге туруп жаткан адамдын коюлган колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 21-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо жери Никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдар кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. 22-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо 1. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 12-статьясында, 13-статьясынын 1-бөлүгүндө, 14 жана 163-статьяларында каралган шарттар сакталганда жүргүзүлөт. 2. Нике никеге туруп жаткан адамдардын жеке катышуусунда, алар жарандык абалдын актыларын жазуу органына арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен бекитилет. Никеге туруп жаткан адамдардын… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!