№96942: Чон энемден калган уйдуу кантип оформит кылсак болот

20.06.2022 | Просмотров: 1064

Чон энеми отуп кеткениге, 8 жыл болду жашап турган биздин уй чон энеми атында экен! Биз мураскер катары чон энем откондон кейин нотариюска кайрылбадык биз шондой уктук 6 айдан кейин кайрылбаса государстваны балансыга отуп кетет деп биз шол уйда жашайбыз жердин налогыны тоолойбуз чоон энем отконуга 8 жыл болду биз азыр атамга оформит кылсак болобу алдындан рахмат сизге!!!

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
20.06.2022 17:44

Сиз Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекстин 1153-1156 беренелеринене жана  Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун  тартиби жөнүндө НУСКАМАнын 131 рпунтуна таянсаныз болот
Адвокат Купешев Сталбек Бекбоевич
Тел 0702 236 900

Юрист
20.06.2022 17:44

Эгер мураскоор мурасты иш жүзүндө кабыл алган болсо, анда 6-ай отуп кетсе дагы, сиздин учурда 8 жыл отуп кетиптир,  мураскорлорго, башкача айтканда мурастык мүлккө ээ болууга киришкен адамдарга Мураска укук жөнүндө күбөлүк берилет.
Мүлккө ээлик кылууга киришүүнүн далилдери болуп төмөнкүлөр саналат: мураскордун мурас калтыруучу менен жашагандыгы, же мурас калтыруучунун мүлкүн башкаруу же пайдалануу боюнча иш-аракеттердин мураскор тарабынан жасалганы жөнүндө маалыматка ээ уюмдун маалым каты, мурас ачылгандан кийин мураскордун турак жай үйү боюнча салык төлөгөнү жөнүндө каржы органынын маалым каты же салык төлөгөнү жөнүндө квитанция, мурастын өз убагында кабыл алынган фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчкө кирген чечиминин көчүрмөсү жана башка документтер.
Сиз налогду толоп келгениниз мурасты иш жузундо кабыл алгандыктын далили болот.
Мамлекеттин балансына отуу мумкун эгер мулкко мураскерлер жок болсо жана ал мулкту жергиликтуу бийликтин арызы боюнча сот ээси жок (выморочный) деп тапса ошондо гана мамлекеттин же жергиликтуу бийликтин балансына отот.
Адвокат Купешев Сталбек Бекбоевич
Тел 0702 236 900

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!