№105615: Туулгандыгы тууралуу куболук

Туулгандыгы тууралуу куболукту жоготуп алдык ЗАГС та архивден запись таппагандыгы учун куболукту жаны ала албай жатабыз бул учурда кантип куболукту алсак болот жаран 18 жаштан ашкан. ID кард паспорт бар колумда

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
04.08.2023 15:20

Саламатсызбы, Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтомуна) Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама 1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар тарабынан жүргүзүлөт. Төмөнкү жарандык абалдын актылары мамлекеттик катталууга тийиш: — туулгандыгы; — никелешүүсү; — никесинин бузулгандыгы; — фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү; — өлгөндүгү. 2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет: — жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; — Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер. Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жок болгон административдик-аймактык бирдиктердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөттөргө) өткөрүлүп берилиши мүмкүн. 3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо арыз ээлери кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары — «ЖААЖ» АМС) жарандык абалдын актысын жазууну… Подробнее »

Юрист
04.08.2023 15:21

2-глава. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү тартиби 12. Күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскилиги жеткенде, ламинациялоодо, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк жазуу органы тарабынан арыз ээси кайрылган жер боюнча жана ал кайрылган күнү жарандык абалдын актыларын кайрадан берилет. 13. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет: — жашы жеткен учурда, жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адамга; — камкорчулук жөнүндө соттун чечими берилген учурда, эмгекке жарамсыз деп таанылган камкорчу адамдарга; — туугандык байланышын ырастоочу документтер (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк) берилген учурда, өлгөн адамдын жакын тууганына; — эгерде туулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлгөн адамдын күбөлүк кайрадан берилген күнгө карата жашы жете элек болсо ата-энесине (алардын ордундагы адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын өкүлүнө; — жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укуктуу адамдан нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген учурда… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!