№102092: Жолдошум, жолдошумдун бир туугандары зомбулук корсоткону учун кайсыл жака арыз менен кайрылсам болот?

01.02.2023 | Просмотров: 983

Турмушка чыкканыма 8 жыл болду, ортодо 1 балабыз бар бирок ЗАГС алган эмеспиз. Мындан 4 жыл мурда рассрочкага оз атыма 4 комнаталуу уй алгам, дагы 6 жылдан сон толоп бутом. Уй алгандан бери акчасын, ком. услугасын бут озум толоп келем, ошол уйдо жолдошум, кайын журтум менен чогу турам (пропискада эчкимиси жок).

Бирок ушул жылдар аралыгында озгочо кайын журтум жашоомо тынчтык бербей келет. Кайын журтумдун кийлигишуусу менен жолдошум кол которую, ооруп турбай калган кундорум болгон. Жалпылап айтканда ар кимиси келип ар кандай создорун айтып, ызы чуу чыгарып турушат.

Эми ажырашып оз уйумдо тынч жашагым келет, уйдон кеткиле деп оозеки айтканыма макул болбой, тескерисинче мени кууп чыгышмак болуп отурат.

Ушул суроого жооп алгым келет, кимге кайрылам, кантип аларды ушул кылыктары учун жоопко тарттырсам болот?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
01.02.2023 15:26

Саламатсызбы, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык) негизинде, Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө» токтому Үй-бүлөлүк зомбулук – Бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн башкасына карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысым колдонушу. Үй-бүлөлүк зомбулук термини көбүнчө жубайлардын же интимдик өнөктөштөрдүн зомбулук актыларына карата колдонулат, бирок кеңири мааниде балдарга, ата-энелерге же кары-картаңдарга карата зомбулукту да камтыйт. Зомбулуктун төрт түрү кеңири жайылып жүрөт: физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык. Физикалык[оңдоо | булагын оңдоо]Физикалык зомбулук – жабырлануучуга физикалык зыян келтирүү, же денеге залал келтирүү максатында түз же кыйыр түрдө таасир этүү. Физикалык зомбулукка уруп-согуу, үйдөн чыгарбоо же киргизбөө, ден соолукка, коопсуздукка же өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарды атайылап түзүү, биринчи жардам көрсөтүүдөн качуу, уктатпоо, тамак ичирбөө, баңгизаттарды же спирт ичимдиктерин мажбурлап колдонтуу кирет. Психологиялык[оңдоо | булагын оңдоо]Психологиялык зомбулук – жабырлануучуну сөз менен, же ымдоо-жаңсоо менен ызалантуу, басынтуу,… Подробнее »

Юрист
01.02.2023 15:34

Милицияга кайрылганда, укук коргоо органдары арызды, мейли, ал оозеки түрдө, мисалы, телефон аркылуу айтылганына карабастан, каттоого милдеттүү. Эгер милиция арызга эч кандай реакция кылбаса, сиз Башкы прокуратурага жана Акыйкатчы институтуна кайрылууга акыңыз бар. Башкы прокуратура – 0(312) 54 24 63, 54 28 18  Акыйкатчы институту – түз линия 115, 0(312) 66 32 80. Дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көч. 120. Ошондой эле Президентке же министрлер кабинетинин төрагасына кайрылуу жолдоого болот. Азыр акысыз юридикалык жардам алуу үчүн Pro Bono Борборуна кайрылууга болот. Юристтер бүткүл Кыргызстан боюнча жабырлануучуларга жардам көрсөтө алышат. Борбордун байланыш телефондору: тел. 0555 66 96 59 (Алика), 0777 66 96 59 (Мира) email: office@centradvokatov.kg Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч. 96. Борборго дүйшөмбү–ишемби күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин кайрыла аласыздар. Маалымат булагы: https://cabar.asia/kg/kyrgyzstan-jd-g-zorduk-zombuluk-uchurunda-emne-kyluu-zhana-kajda-kajryluu-kerek Адреса и контактные телефоны кризисных центров для женщин по КыргызстануВ республике действуют кризисные центры для женщин. Министерство труда и социального развития предоставляет адреса и телефоны кризисных центров. https://mlsp.gov.kg/2020/01/13/adresa-i-kontaktnye-telefony-krizisnyh-czentrov-dlya-zhenshhin-po-kyrgyzstanu/ КОНТАКТЫ КРИЗИСНЫХ ЦЕНТРОВ https://bishkekfeminists.org/ru/crisis-centerАссоциация кризисных центров Кыргызстана ул. Киевская д. 27… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!