№99378: Балама ОГП алууга күйөөм уруксаат бербей жатат

21.09.2022 | Просмотров: 892

1,5 жашта кызым, 5 айлык боюмда бар. Жолдошум менен ажырашып жатабыз. ЗАГС жок ортобузда. Ал Москвада,биз Бишкеке. Кызыма загран алууга копия паспортун заверитетип бербей жатат.

Сот аркылуу кызыма паспорт ала аламбы? Каякка кайрылсам болот? Эмне документ керек?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
21.09.2022 10:56

Саламатсызбы, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2000-жылдын 17-июлу № 61 (13.09.2021 акыркы редакциясында) 43-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жаранына анын жеке өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариалдык ырасталган өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Ата-энесинин биринин өтүнүчү болбогондо, жалпы жарандык паспортту тариздөө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугун чектеген жагдайлардын жоктугу жөнүндө көрсөтүлөт. 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй жарактуулук мөөнөтү менен жол-жоболоштурулат: — бала төрөлгөн учурдан тартып ал бир жашка чыкканга чейин — эки жылдык мөөнөткө; — бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин — беш жылдык мөөнөткө. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына… Подробнее »

Юрист
21.09.2022 10:59

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2003-жылдын 30-августу № 201 (акыркы 06.06.2022ж. редакциясында) 71-статья. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин (бири) ата-энелик укуктарын жүзөгө ашырышы 1. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар. Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе. 2. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин укуктарын жүзөгө ашыруусунун тартиби тууралу ата-энелер жазуу жүзүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу. Эгерде ата-энелер макулдашууга келе алышпаса, ата-эненин (экөөнүн бири) койгон талабы боюнча талаш-тартыш баланын кызыкчылыктарынан улам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн катышуусу менен сот аркылуу чечилет. Баланын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары, анын ичинде дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга, туугандары менен жолугушууга убактылуу жөнөп кетүүсүнүн маселеси боюнча ата-энелердин ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, сот он жашка чыккан баланын пикирин милдеттүү түрдө… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!