№36077: Мен адвокаттан кантип отказ кылсам болот?

28.05.2018 | Просмотров: 313

Саламатсызбы.

2016 жылы мени 166ст жана 350 ст. Менен жоопко тарткан. Азыркы кундо адвокатым бар. Бирок адвокатымдын иштегени мени канаатырбай жатат.

Мен ал адвокаттан кантип отказ кылсам болот? Отказ кылгандан кийин адвокатта топтолгон материалдарды береби же жаны адвокатка кайра материал ( кагаздарды) топтоп беришим керекпи?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
28.05.2018 14:07

Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 47-статьясында төмөндөгүчө көрсөтүлгөн:

(1) Шектүү, айыпкер, соттолуучу жактоочудан баш тартууга укуктуу. Мындай баш тартууга шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун өзүнүн демилгеси боюнча гана жол берилет жана ишке прокурордун, ошого тете башка шектүүлөрдүн, айыпкерлердин, соттолуучулардын жактоочуларынын катышуусуна тоскоолдук кылбайт.

(2) Жактоочудан баш тартуу жактоочунун катышуусунда ишке ашырылат.

(3) Жактоочудан баш тартканда актоо иши шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун өзү тарабынан ишке ашырылат.

(4) Ушул Кодекстин 46-статьясынын 2-5, 9-пункттарында каралган учурларда шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жактоочудан баш тартуусу тергөөчү, сот үчүн милдеттүү болуп саналбайт.

(5) Шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жактоочусун ишке катышуудан бошотуу тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жол-жоболоштурулат.

Тиешелүү тартипте жактоочудан баш тартылгандан кийин, Сиздин ишинизге тиешелүү болгон материалдарды кайтарып алганга укугунуз бар. Жактоочу тарабынан топтолгон материалдардын канчалык денгээлде толук берилүүсү жактоочунун адамгерчилигине жана анын ыймандык сапатына жараша болот.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!