№105156: Контракт төлөшүм керекби, аттестат керек болуп жатат

22.06.2023 | Просмотров: 1016

Мен Ош мууга 2017-жылы Математика ж.а информациялык технологиялар факультетине сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам.
Контрактын жарымын төлөгөм андан кийин төлөй албай калып кеткен. Контракт канча экени точно эсинде жок (35 миңдин тегереги болуш керек) Мени окуу жайдан эч ким чакырган да жок өзүмда барбадым кийин.

Азыр мага аттестат керек болуп жатат Контрактын калганын төлөймүнбү? Тескерисинче төлөгөн Контракты кайра алсам болобу?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
24.06.2023 21:07

Саламатсызбы, 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна) Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө ЖОБО 16. Бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган же жогорку жана кесиптик орто билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү учурларда мамлекеттик билим берүү грантынын (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунан тышкары), бюджеттик орундун өлчөмүндө билим берүү уюмунун адисти даярдоого чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү: — педагогикалык, фармацевттик же медициналык адистиктер боюнча, Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин адистиктери боюнча окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөдөн баш тартканда; — ЖОЖдон/КООЖдон жүйөөсүз себеп же өз каалоосу боюнча окуудан чыгарылганда (жүйөлүү себептер — ден соолугунун абалы, туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен сырткары кетүү, ырастоочу документтери берген учурда); — башка адистикке же окутуунун наркын төлөө келишими боюнча окууга которулууга байланыштуу ЖОЖдон/КООЖдон окуудан чыгарылганда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому… Подробнее »

Юрист
24.06.2023 21:10

5. Студенттердин катарына калыбына келтирүү 25. Калыбына келтирүү семестрдин аякталышы менен тиешелүү курста студентти кызыктырган адистик/багыт боюнча орун болсо, студенттин жеке арызы менен (6-тиркеме) жана академиялык маалымкатты көрсөтүү менен жүзөгө ашат. Ошол эле ЖОЖдо мурда окуудан чыгарылган студентти кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү студенттин окуу карточкасынын/транскриптинин негизинде каралат. 26. Аттестация аттестациялык комиссия тарабынан академиялык маалымкатты карап чыгуу жолу менен жүргүзүлөт. Курсту аныктоодо окуу пландарындагы айырма, 7 дисциплинадан ашпоого тийиш. Бул үчүн кабыл алуучу ЖОЖ студенттин жекече окуу планын иштеп чыгып, бекитиши керек, анда окутула турган дисциплиналардын (же алардын бөлүмдөрүнүн) тизмеси, алардын көлөмү жана экзамен/зачет тапшыруунун белгиленген мөөнөтү каралышы керек. Академиялык айырма ошол академиялык жыл ичинде жоюлушу зарыл. 27. Окутуунун кредиттик технологиясын колдонгон ЖОЖдор үчүн академиялык айырма алынган кредиттерге ылайык транскрипт/баалоо баракчасынын негизинде окутулган дисциплиналардын аннотациясын берүү менен белгиленет. Академиялык айырма кредиттери (зачет бирдиктери) менен аныкталып, студенттин жекече окуу планына кошумча киргизилет. Аттестациянын жыйынтыгы менен аттестациялык комиссия жыйындын протоколун даярдайт (2-тиркеме). Калыбына… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!