№88922: Эмаком компаниясынан эми котлован казып, баштаган уйдон квартира сатып алган

16.01.2022 | Просмотров: 236

Мага жардамыныздар керек болуп жатат. Эмаком компаниясынан эми котлован казып, баштаган уйдон квартира сатып алган жаран кайра мага сатып жатат.

Ошол уйду сатып алып жатканда договор, документке эмнесине маани беришим керек?

Озум жалгыз аял болгон учун тушунбой жатам. Сатып алгандан кийин ал киши менден талашпайбы?

Через нотариус откорушум керекби?

Мага жардам берип коюнуздарчы сураныч?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
17.01.2022 00:36

Саламатсызбы!
Биринчи кезекте жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актын талап кылуу керек, тактап айтканда, анын такыр бар-жогун текшерүү керек. Үй салынып жаткан жер участогу, же курулуш компаниясынын менчигинде болушу керек, же курулуш компаниясы менен жердин ээси ортосунда келишим болушу керек.
Жогоруда айтылгандан сырткары, Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк куруунун (түзүүнүн) тартиби жана шарттары жөнүндө жобосунун 3.1. пунктуна ылайык:
«Келишим жазуу түрүндө түзүлөт, мамлекеттик каттоодон өтөт, жана каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү болуп саналат».
Башкача айтканда, келишим түзүп жатканда, ал келишимди сөзсүз «Кадастр» Мамлекеттик мекемесинде (госрегистрда) каттоодон өткөрүшүнүз керек.

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү байланыштарга кайрылсаңыз болот:
Бишкек ш., Н.Исанов 42/2 көч., «Salima» Бизнес борбору, 5 кабат;
Тел.: + 996 700 307 373
Whatsapp: +996 556 307 373

Урматым менен,
Borenius Юридикалык компаниясынын юристи — Жусупказиев Али.

Юрист
16.01.2022 14:55

Саламатсызбы, сиз бул жерден маалымат алгандан коро, жанынызга бир билимдуу адвокатты же болбосо юристти алып алсаныз баардык документтерди карап, озунун ой пикирин жана ал документтерди таладап коруп айтмак.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!