№105158: Штраф просрочен болсо емне кылуу керек

22.06.2023 | Просмотров: 967

Мен 1.5.жыл мурда мага ГАИ штраф жазган болчу мен 5 айдан соң машинени саткам оформление кылганда штраф төлөгөм бирок мага гече Күнү соттон чалып сенде төлөнбөгөн штрафың бар экен деп айтышты мен төлөнгөн чекти тапай койдум үйдөн саткан кезде машине менен чогу кетсе керек ошол боюнча мен емне кылуум керек же кайра штраф төлөйбүзбү.

Анын пенсиясы канча просент болот?

Чоң рахмат

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
24.06.2023 21:30

Саламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ 2021-жылдын 28-октябры № 128 (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди) 555-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун милдеттүүлүгү 1. Жаза чарасын колдонуу жөнүндөгү токтомду бардык жеке жана юридикалык жактар аткарууга милдеттүү. 2. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом ал мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып аткарылууга тийиш. 563-берене. Айып пул салуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби 1. Айып пул, айып пул салынгандыгы жөнүндө токтом тапшырылган күндөн баштап отуз календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми токтомго даттанылган учурда, ал даттануу канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирүүнү алган күндөн баштап он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш. 2. Укук бузуу жасалгандан башка жерде айып пулду төлөөнү өндүрүүдө айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай түрүн пайдалануу мүмкүн болбогондо, укук бузуулар үчүн, жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы айып квитанциясы берилет, ал так финансылык отчеттуулук документи болуп саналат жана эки нускада… Подробнее »

Юрист
24.06.2023 21:33

5. Ушул Кодекстин 177-181-беренелерин, 182-беренесинин 4-бөлүгүн, 184-беренесинин 3-бөлүгүн, 185-беренесин, 187-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүн, 189-беренесинин 1-бөлүгүн, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрүн, 194-беренесинин 3-бөлүгүн, 195-200-беренелерин жана 449-беренесинин 1-бөлүгүн кошпогондо, 21-главасында каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар айып салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат. 6. Ушул Кодекстин 3091, 310, 312-316-беренелерин, 318-берененин 5 жана 6-бөлүктөрүн, 320, 323 жана 325-беренелерди кошпогондо, 34-главасында, 354-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар төлөнгөн учурда, айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айып пулдардын өлчөмдөрү 70 пайызга азайтылат. Ушул бөлүктүн жоболору, эгерде укук бузууну жасаган адамдын айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылган учурга карата салык карызы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча карызы жок болгон учурда гана колдонулат. Эгерде адам календардык жылдын ичинде ушул укук бузууларды жасагандыгы үчүн эки жолудан ашык тартылса, ушул бөлүктө каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдарды азайтууга жол берилбейт. 564-берене. Айып пул салуу жөнүндө токтомду аткаруу боюнча өндүрүштүн аякташы Айып пул салуу тууралуу токтом боюнча айып жаза чарасы толук аткарылганда, аткарылгандыгы тууралуу белги коюу менен токтомду чыгарган ыйгарым… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!