№110966: Что делать если недоволен работой стоматолога?

08.05.2024 | Просмотров: 324

Саламатсызбы,

мен 4 тишиме пломбы койдургам деп акчасын толоп койгом, 2тишимдики жакпай даже алмаштырбаган окшойт артынкы жагы ачык болчу мурун ошондой квлып кетиптир, барып айтсам нервин алыш керек ана мына депле шылтоо айта берди, частныйдагы стомотолог нервтин кандай тиешеси бар экен алдаптыр дейт.

Ошондо 2тишимдин акчасын алып калып 2ну кайтарып башка жерден жасатам десем же жасап бербейт же кайтарып бербейт, ошондо эмне кылам?

Кайсыл Жака кайрылсам болот?

Айлам кетип отурам. Алмаштырып берем дегенсип 2 жумадан бери карабайт стоматология каттап кунум оттуу кайсыл Жака кайрылам насчёт некачественный работы

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
08.05.2024 17:51

Саламатсызбы, 1997-жылдын 10-декабры № 90 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасыны Мыйзамы ( акрыкы 2023-жылдын 22-июнундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык), 16-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын соттук, администрациялык жана коомдук коргоо 1. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сот тарабынан жүзөгө ашырылат. 2. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө доолор сотко Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелерге ылайык берилет. 3. Мамлекеттик монополияга каршы орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде сотко чейинки коргоону жүзөгө ашырат, ошондой эле керектөөчүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко доо берүүгө укуктуу. 4. Укуктарынын бузулушу менен байланышкан доолор боюнча керектөөчүлөр, ошондой эле монополияга каршы мамлекеттик орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн) кызыкчылыгы үчүн коюлган доолор боюнча керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат. 5. Сот керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн),… Подробнее »

Юрист
08.05.2024 18:02

14-берене. Моралдык зыянды компенсациялоо

Даярдоочунун (аткаруучу, сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде аткарган уюмдун бузуусунан улам керектөөчүгө келтирилген моралдык зыян, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы мамилелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана нормативдик укуктук актыларында каралган керектөөчүнүн укуктары зыян келтирүүчүнүн күнөөсү болгон учурда компенсацияланат. Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмү сот тарабынан аныкталат.

Моралдык зыянды компенсациялоо мүлктүк зыяндын жана керектөөчү тарткан зыяндын орду толтурулгандыгына карабастан ишке ашырылат.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы
https://antimonopolia.gov.kg/

Бишкек шаары Байтик баатыр к. 7Б/1БайланыштарДарегибиз: Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү 7б/10 (312) 56-33-03 0 (312) 56-31-97 Ишеним телефонуpriemnaya@antimonopolia.kg

Байланыш телефондору

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы

Борбордук аппарат жана Аймактык бөлүмдөр https://antimonopolia.gov.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрлигинин Лицензиялык сектору

https://med.kg/ministry/structure/230?locale=kg

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro

Twitter: @MuratbekAz

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!