№105042: Үй бөлүшүү маселеси

08.06.2023 | Просмотров: 937

Саламатсыздарбы,

мен жолдошум менен 4жыл чет өлкөдө эмгектенип, Кыргызстанда мамлекеттен жер алып, үй салганбыз. Эми ажырашканга турабыз.

менин суроом ажырашсам мыйзам чегинде үйгө кеткен өз акымды бөлүп алганга болобу?

Ортодо 1 уулум бар. Жер алып жатканда нике күбөлүк да тиркелген. Үйдүн документтери толук бүтө элек.

Рахмат

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
08.06.2023 14:27

Саламатсызбы!
Ооба, Сизге үйдүн тийиштүү бөлүгүн мыйзам түрүндө бөлүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Бирок эгер үйдүн технпаспорту даяр боло элек болсо, үйгө тиешелүү акчаны кайтарып алуу кыйыныраак болот.
Кандай болгон күндө да, биз адегенде сиздин документтериңиз менен таанышып, сурооңузга байланыштуу бардык маалыматты талкуулашыбыз зарыл.

Биз менен төмөнкү контакттар аркылуу байланышсаңыз болот:
Адрес: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119а, 3 этаж, 302 каб.
Тел.: 0556307373, 0700803232

Юрист
09.06.2023 13:30

Саламатсызбы!

Эгер алынган жер тилкенер юридикалык нике бар учурунда алынган болсо, анда ал мулк жубайлардын ортодо алынган мулку болуп эсептелет. Ошондуктан болунот.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!