№38698: Эмне деген шумдук кимге кайрылуу жасап акчаны толук ала алабыз?

03.08.2018 | Просмотров: 270

Менин балам 11 класс болду. Каникулда иштеп алсын деп 1 июнда фастфудка жумушка кирген болчу. Азыр айлыгын ала албай жүрөт. Эртең берем деп убада берип бербей жатат. Берсе да 3000 сом кармап калып депозит деп кармап калабыз дешет. Себеби ордуна бала таап келип ал иштеп калганда гана депозит акчасын берет экен. Ал бала иштей албай кетип калса кайра башка таап бериш керек экен.

Эмне деген шумдук кимге кайрылуу жасап акчаны толук ала алабыз? Жардам берип койгулачы суранам. Ушинтип укук корголбой кала береби?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
03.08.2018 20:51

Саламатсызбы!

Сиздин проблеманыз боюнча арыз менен Кыргыз Республикасынын Окмотунун алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздугу боюнча инспекциясынын территориалдык башкармалыгына кайрылыныздар. Азыркы убакытта ушул орган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин бузуулары боюнча куноолулорго чара колдонот.

Урматым менен, А. Сыдыков.

Контакттар: a_sydykov@mail.ru же болбосо 0701 680 480.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!