№102546: Жер участогу боюнча суроо

19.02.2023 | Просмотров: 1010

Уй курууга айылдан жер беришет дейт жолдошцм алыста куйоомдун атынан доверенность болсо мен ала аламюы куйоомдун ордуна

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
20.02.2023 10:14

Саламатсызбы, сиз жергиликтуу бийлик мекемелерге жубайыныздын нотариалдык каттодон откон ишеним каттын негизинге кайрылсаныз болот. Кыргыз Республикасынын Гражданды кодекси 1996-жылдын 8-майы № 15 (акыркы 2022-жылдын 5-августундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 203-206 статьялары негизинде,Ишеним кат – башка жактын (ишеним көрсөтүүчүнүн) атынан бүтүмдү же башка укуктук аракетти жасоого өкүлдүн укугун аныктоочу документ. Ыйгарым укугунун көлөмүнө жараша ишеним үч түргө бөлүнөт: 1) бир жолку бир конкреттүү аракет жасоого; 2) атайын кандайдыр бир түркүн аракетти жасоого; 3) жалпы же генералдык ишеним көрсөтүүчүнүн мүлкүн жалпы башкарууга келишимдерди түзүүгө ж. б. Ишеним кат аракети анын мөөнөтү бүткөндөн, ишеним көрсөтүүчү ишеним катты жокко чыгаргандан, ишеним көрсөтүлгөн жак баш тарткандан, атынан ишеним кат берилген юридикалык жак жоюлгандан кийин жана мыйзамдарда каралган башка учурларда токтотулат. Ишеним кат түрлөрү, аны ишке ашыруу ыкмалары, анын аракетинин мөөнөтү ал берилген өлкөнүн мыйзамдары менен жөнгө салынат. Ишеним кат. Ишеним каттын мөөнөтү   1. Үчүнчү жактын алдында өкүлчүлүк кылуу үчүн бир жак тарабынан экинчи жакка… Подробнее »

Юрист
20.02.2023 10:14

Нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар жана аларга теңештирилген ишеним каттар   1. Нотариалдык форманы, мамлекеттик каттоону талап кылган бүтүмдөрдү түзүүгө ишеним кат, ошондой эле сотто өкүлдүк кылууга жарандар тарабынан берилген ишеним кат, мыйзамда каралгандагыдан башка учурларда, нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 2. Төмөндөгүлөр: госпиталдарда, санаторийлерде жана башка аскердик-дарылоо мекемелеринде дарыланып жүргөн адамдардын мындай мекеменин башчысы же башкы врачы тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары; аскер кызматчыларынын ишеним каттары, ал эми нотариалдык кеңселери жана нотариалдык аракеттерди жасай алган башка органдары жок аскер бөлүктөрү, бирикмелер, мекемелер жана аскердик окуу жайлар жайгашкан жерлерде, ошондой эле жумушчулар менен кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ошол бөлүктүн, бирикменин, мекеменин же окуу жайдын командири (башчысы) тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары; эркинен ажыратуу жайларындагы же камактагы адамдардын тиешелүү мекеменин башчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары; банкта салынган аманаты же эсеби болгон же аманат салып же эсеп ачып жатышкан граждандардын, ошол аманат салынган же эсеп ачылган банктын же финансы-кредит мекемесинин ыйгарым укуктуу… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!