№104193: Системалык каттоодо жер участоктокторуна факт менен ченелип, токтом чыккан

06.04.2023 | Просмотров: 1187

Суроо: 2003ү жылдары системалык каттоодо жер участоктокторуна факт менен ченелип, токтом чыккан, ошондон бери эл налог төлөп келишет. Эми айыл өкмөт 25 сотыхтан калтырабыз, калган ашыгын там салганга тизмеде тургандарга беребиз деп жатышат. Мындай маселе айыл боюнча 200дөй адам.

Ушул маселе боюнча кеңеш бере аласыздарбы?

Айыл өкмөттүкү туурабы, ошол боз топурак жерлерди тосуп,  айыл чарбага жарактуу кылып, налогун төлөп оокат кылып жаткандардын эч укугу жокпу?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
08.04.2023 12:36

Саламатсыздарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИ 1999-жылдын 2-июну № 45 119-статья. Жер талаштары 1. Жерге байланыштуу укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаштар жер участогун берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда жер талаштары сот тартибинде каралат. 2. Жер участогун берүүгө, алып коюуга жана укукту токтотууга байланыштуу жер талаштары сот тарабынан гана чечилет. 3. Эгерде сот тарабынан курулушчуга таандык мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу түрүндөгү доону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн учурда, анда доону камсыз кылуу боюнча чаралар доонун суммасынын чектеринде, объекттин курулушун жана аны пайдаланууга берүүнү токтотпостон, соттук териштирүүлөр аяктаган учурга чейин көрүлөт. Доону камсыз кылуу үчүн курулушчу тараптардын макулдашуусу боюнча өзүнө же башка жактарга таандык мүлктүн же курулуш объекттеринин ичинен доонун суммасынын чегинде акча каражаттарын же мүлктү коюуга укуктуу. Мында доону камсыз кылуу үчүн мүлктү баалоо көз карандысыз баалоочуну тартуу менен жүзөгө ашырылат. 120-статья. Жер мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Кызмат адамдары, жер… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!