№86851: Жеке менчик садиктер кандай режимде иштеш керек майрам кундору?

21.11.2021 | Просмотров: 619

Саламатсызбы?

Жеке менчик садиктер майрам кундору иштебейт. Бирок ошол дем алган кундоруно биз акча толоп берууго милдетендирет?

Биздин балдар барбай калса ага кошумча акча сурашат

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
22.11.2021 10:44

Салматсыналарбы, "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы  2009-жылдын 29-июну № 198 (КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150, 2014-жылдын 30-майындагы № 82 , 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/202646/40?cl=ky-kg&mode=tekst 7-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түрлөрү   1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын төмөндөгүдөй түрлөрү болушу мүмкүн: — 6 айдан 3 жашка чейинки балдар үчүн ясли, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат; — 6 айдан 7 жашка чейинки балдардын ясли-бакчасы, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат; — 3 жаштан 7 жашка чейинки балдардын бала бакчасы, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат; — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (сөз сүйлөөсү, интеллектуалдык өсүшү, көрүүсү, угуусу, таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган) балдар үчүн адистешкен атайын бала бакча; — балдар үйү — жетим балдар жана ата-энеден кароосуз калган балдар (3төн 18 жашка чейинки) үчүн билим берүү, тарбиялоо уюму, мында окутуу жана тарбиялоо толугу менен мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат;… Подробнее »

Юрист
22.11.2021 10:54

8-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттери   1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: — мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартынын талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу; — инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү; — балдардын мектепке чейинки билим алууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу; — балдарды тарбиялоо, окутуу жана өстүрүү, алардын дене-күч жактан өсүшү жана ден соолугун чыңдашы үчүн санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык коопсуз шарттарды түзүү жана ушул талаптарды сактоо; — балдарда сергек жашоо ыңгайынын гигиеналык көндүмдөрүн жана негиздерин, коопсуз жүрүм-турумдун ченемдерин калыптандыруу; — балдардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү; — балдарды багууну жүзөгө ашырууну; — балдарды курагына жана азык-заттарды керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык тамак-аш менен камсыз кылуу; — ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара байланышты жүзөгө ашыруу; — ата-энелердин арасында мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди жайылтуу; — мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын топторун Мектепке чейинки билим… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!