№105083: Муниципалдык менчикти жеке ишкерге менчикке откоруп беруу тартиби

12.06.2023 | Просмотров: 996

ЖӨБОнын муниципалдык менчигинде турган иштебей токтоп турган обьектини с последующим выкупом кантип ижарага берсе болот. же обьектинин ишке киргизүү үчүн жеке ишкерге кандай мыйзамдуу жол менен менчикке өткөрүп берсе болот.

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
15.06.2023 06:29

Саламатсызбы, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2002-жылдын 15-марты № 37 (2020-жылдын 6-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 11-статья. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу 1. Муниципалдык менчиктеги мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү же алмаштыруу жолу менен ажыратылышы мүмкүн. 2. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет. 3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт. 12-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү 1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, ушул статьянын 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, менчиктештирүү усулдарынын бири менен жүргүзүлөт. 2. Өзгөчө учурларда жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде муниципалдык менчиктеги турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүү жеке адамдардын менчигине акысыз негизде аларды өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 3. Эгерде муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте ачык тоорукка эки жолу коюлса жана сатылбаса, мындай муниципалдык менчик объектисин менчиктештирүү жергиликтүү кеңештин чечими боюнча тике… Подробнее »

Юрист
15.06.2023 06:31

15-статья. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү 1. Муниципалдык менчик объекттери жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн. Менчик ээлеринин көп квартиралуу үйлөрүнүн алдындагы жер участокторун кошуп, көп квартиралуу үйдүн имарат жайларындагы жалпы мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланууга жана ижарага берүүгө укуксуз. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү, ушул Мыйзамдын 16-статьясында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү кеңештердин чечимдеринде каралгандан башка учурларда, электрондук форматта «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон тооруктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. 2. Тоорук өткөргөндө жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү бир жылдык жана андан көбүрөөк мөөнөткө ижарага же пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн учурда төмөнкүдөй жол-жоболор колдонулат: — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга берүү ниети жөнүндө табыштаманы кабыл ала тургандыгы тууралу кулактандыруу жарыялайт. Жазуу жүзүндөгү билдирүү коомдук жайларда илинүүгө жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш; — кулактандырууда менчик, анын жайгашкан жери жана сыпатталышы, ижаралоо же пайдалануу укугун… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!