№100409: Аталыктан кечуу жонунда тушунук берин

15.11.2022 | Просмотров: 1168

Мен ажырашканмын. Азырда 8 жаштагы кызыма алимент алам 3000 сом. Мага алимент керек эмес. Аталыктан кечиб берсе жакшы болот эле.

Кантип ошол ишти ишке аширса болот?

Аталыктан ажратканы документ тапшырсам биринчи алимент толойт деб алиментка чечим чикарып берилди.

Эмне кылсам болот?

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
15.11.2022 22:12

Саламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2003-жылдын 30-августу № 201 (акыркы 2022-жылдын 6-июнундагы № 41  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 74-77 статьяларынын негиздеринде: Ата-энелик укуктардан ажыратуу: Ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар: ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса. Ата-энелик укуктардан ажыратуунун тартиби: 1. Ата-энелик укуктардан ажыратуу сот тартибинде жүргүзүлөт. Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштер ата-эненин биринин (аларды алмаштыруучу адамдардын), прокурордун арызы, ошондой эле жашы жетпеген… Подробнее »

Юрист
15.11.2022 22:14

Ата-энелик укуктардан ажыратуунун кесепеттери: 1. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эне баласына карата тууганчылык фактыга негизделген бардык ата-энелик укуктарын, анын ичинде андан каражат алуу укугун (ушул Кодекстин 92-статьясы), ошондой эле балдары бар жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерди жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу укуктарын да жоготот. 2. Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт. 3. Ата-энелик укуктарынан ажыраган баланын ата-энеси (экөөнүн бири) менен андан ары чогуу жашоо маселеси турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан чечилет. 4. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин (экөөнүн биринин) баласы турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун сактайт, ошондой эле ата-энеге жана башка туугандарына тууган болууга негизделген мүлк укугун, анын ичинде мураскорлук укугун сактап калат. 5. Баланы башка ата-энеге берүү мүмкүн болбогондо же ата-энесинин экөө тең ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда анын мүлкү менен турак жай аянты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берилет. 6. Ата-энеси (экөөнүн бири) ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда баланы… Подробнее »

Юрист
17.11.2022 10:39

Коллегамдын жообуна кошумча:
Сиздин суроонордогу информациянын негизинде кызынардын атасын аталык укугун жокко чыгара албайсыз.
Урматым менен А. Сыдыков.
Контакттар: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!