№62082: Инстаграм аккаунт ачылып биз «хиджабтагы» кыздарды оскорблять эттат

22.01.2020 | Просмотров: 94

@doska.pozora.kgz деген аккаунт ачылып биз «хиджабтагы» кыздарды оскорблять эттат , биздин сурот, видеолорду чыгарып Аллах учун деп бизди «дешевый носок» «лицемеры» деп 10дон ашуун кызды чыгартат, эмне кылсак болот?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Law
Юрист
22.04.2020 23:25

Саламатсызбы,

Биринчиден болгон фактыларды сактап, скриншотко тушуруп алыныз.  Арыз менен улуттук коопсуздук кызматына кызматына кайрылыныз. Алар сиздин арызынызды Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313 беренесинин алкагында текшеруу жургузсун (313-берене. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты  козутуу). 

Экинчиден публикацияга тушкон кыздар жарандык мыйзамдардын негизинде, моралдык зыян келтирилгени учун сотко доо арыз менен кайрылса болот. Жарандык кодекске ылайык, Кандайдыр-бир адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фото сүрөт, кино фильм жана д.у.с.) бул адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок.

Учунчудон,  бул баракчаны жаптырыш учун электрондук атайын формадагы арыз менен инстаграмдын администрациясына кайрылса болот.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!