№67319: Жер тилкенин кызыл китебин алуу

15.08.2021 | Просмотров: 1683

2002 жылы чыккан токтомдун негизинде 8сотых жер берилген. Азыр коншуларыбызга адис тарабынан туура эмес казык кагылып.. документ берилип калгандыктан, биздин тилке бир метрге жылып, азайып калган.

Кантип чечсе болот?

Ал эми 2016чы жылы атама чон атамдан калган уй жана жердин бир болугу да откорулуп берилген де «дареный» деп жазылбай калган деген суроо коюлууда.

Кандай жолдор менен закондуу турдо документ жасасак болот? Чон атабыздан кадган жерди инибизге откоролу деген планыбыз бар эле.

Маалымат берип коюнуздарчы..башыбыз катып калды

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
15.08.2020 20:49

Сиздин чон атаныздан калган жер тилкеси мыйзамдын талаптары боюнча сизе өткөрүлүп берилсе (белек катары) анда, сиз жердин менчик ээси болуп эсептелесиз. Андыктан, жер тилкенин менчик ээси катары жергиликтүү КАДАСТР мамлекеттик мекемесине кайрылып жериниздин мамлекеттик актысында белгиленген өлчөмдө тактатып алсаныз болот. Эгерде мекеме андай иш аткаруудан (жер аймагын тактап берүүдөн) баш тартса, алардын аракеттери  боюнча сот органына кайрыласыз. Ошону менен бирге менчик жер аймагын колдонууга тосколдуктарды жаратып жаткандыгы боюнча жергиликтүү сотко дай кайрылсаныз болот. 

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!