№57420: Декретный отпуск алууга укугум барбы?

17.12.2019 | Просмотров: 420

Мен балдар бакчасында 5жыл тарбиячы болуп иштедим. 2013-2018июн айында отпускага чыгып, андан ары турмуш шартыма байланыштуу 1жыл Москвада иштеп келдим. Билимим жогорку, стажым14жыл. Ошол эле бакчага жумушка кирип 2019-жылдын октябрь айынан , декабрдын 1не чейин убактылуу иштедим.Кош бойлуумун. Декретный отпуск алууга укугум барбы деп кайрылсам, директор Жок деп койду.

Ушул суроомо жооп берип койунуздарды суранамын.

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
17.12.2019 15:09

Саламатсызбы, КР Эмгек кодекси 136 статьясы Аялдарга арызы боюнча жана медициналык корутундунун негизинде ушул Кодекстин 307-статьясында каралган тартипте кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүү берилет. 137-статьясы. Кызматкерге арызы боюнча баласы үч жашка чыкканга чейин багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча ал үч жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн өргүү кандай болбосун убакта жана кандай болбосун узактыкта берилиши мүмкүн. Бала багуу боюнча өргүүнү баланын атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы иш жүзүндө багып жаткан камкорчусу да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланылышы мүмкүн. Аялдын же ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын арыздары боюнча алар бала багуу үчүн өргүүдө жүргөн учурда толук эмес иш убактысынын шартында же үйүндө иштей алышат. Ушул көрсөтүлгөн кызматкерлерге бала багуу үчүн өргүү учурунда иш орду (кызмат оруну) сакталат. Бала багуу боюнча өргүү жалпы иш стажыга, ошондой эле адистиги боюнча иш стажысына киргизилет (жеңилдик шартта, кызмат иштеген жылдары үчүн пенсия чектегенден башка… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!