№100209: Свидетельство о смерти

04.11.2022 | Просмотров: 746

Мен чет эледе иштейм атам ош шаарында отуп кеткен ысык колдон бир туугандары келип морктон алып кетишкен, 6 ай болду иниме кара кагаз алалбай жатабыс, бишкектен алсак болобу, или именно ошко барып алыш керекпи

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
05.11.2022 19:44

Саламатсызбы, Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама, Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама 12. Күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскилиги жеткенде, ламинациялоодо, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк жазуу органы тарабынан арыз ээси кайрылган жер боюнча жана ал кайрылган күнү жарандык абалдын актыларын кайрадан берилет. 13. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет: — жашы жеткен учурда, жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адамга; — камкорчулук жөнүндө соттун чечими берилген учурда, эмгекке жарамсыз деп таанылган камкорчу адамдарга; — туугандык байланышын ырастоочу документтер (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк) берилген учурда, өлгөн адамдын жакын тууганына; — эгерде туулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлгөн адамдын күбөлүк кайрадан берилген күнгө карата жашы жете элек болсо ата-энесине (алардын ордундагы адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын өкүлүнө; — жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү… Подробнее »

Юрист
05.11.2022 19:45

14. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилбейт: — ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) — баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; — никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга — никелешүү тууралуу күбөлүк. Аталган адамдардын жана алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын арызы боюнча баланын туулгандыгын же никелешүүнү мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу көчүрмө берилет. Жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүүдө кагаз түрүндөгү жарандык абалдын актыларын жазуу санариптештирилет. 16. Адамдын же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын арызынын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандардын кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларын жазуулардан көчүрмөлөр, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуулардын бар экендиги жана/же жоктугу тууралуу маалым каттар жана билдирүүлөр берилет. Урматтоо менен, Муратбек Азимбаев тел.: +996 700 987794; +996 776 987794 WhatsApp, Telegram, Signal… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!