№90193: Ортобузда бала бар экинчиси ичимде ЗАГС кантип бат алса болот

Ортобузда бала бар экинчиси ичимде загс кантип бат алса болот?

Жолдошум Россияга кетет 10кун ичинде балам фомилиясы менде болчу ошого 1ай кутосунор дейт 

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
15.02.2022 09:42

Саламатсыналарбы, Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоотартиби жөнүндө нускама, (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому мене бекитилген) 32 пунктун 8 абзацтын негизинде: Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй өзгөчө жагдайлар болгондо арыз берилген күнү жүргүзүлөт: — кош бойлуулукта, — бала төрөлгөндө, — тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч болгондо (анын ичинен ооруганда). Ошондой эле мындай учурларда кошумча төмөнкүдөй документтер берилет: — медициналык мекемеден кош бойлуулук тууралуу маалым кат; — жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү; — ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат (ооруган учурда). 26 пуктунун 4 и 5 абзацтарынын негизинде Баланын никеде турбаган атасы менен энесинин биргелешкен арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет: — атасынын жана энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ; — белгиленген формадагы арыз. Баланын энеси менен никеде турбаган атасынын арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет: — атасынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ; — белгиленген формадагы арыз;… Подробнее »

Юрист
15.02.2022 09:51

Пукт 17. Баланын туулгандыгы жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин туулгандыгын мамлекеттик каттоо «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 8-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде туулгандыгы мамлекеттик катталган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

С уважением,
Муратбек Азимбаев

тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro
VK: @muratbekazimbaev Wire: @muratbek.azimbaev

Skype: muratbek.azimbaev. Twitter: @MuratbekAz

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!