№61435: Юрист керек

02.04.2022 | Просмотров: 1014

Кенеш сурайын дедим эле. Жолдошум менен ажырашайын дедим эле. Бир балам бар 2,5жашта. Куйоомо жардам берейин деп жумушка чыккам баламды кайненеме тыштап, жарым жыл болду кайненем караганына. Баламан алыстаттырып салды таптакыр эле. Свидетельство о браке жана баламдын свидетельствосу да кайненемде, анткени ал таанышы менен бутургон.

Мага бербейт ал документтерди.

Жолдошум менен ажырашып жатам, ажырашуу учун кандай документтер талап кылынат? Жана дагы сурайын дегеним, баламды бербеймин дейт, баламды бербей коюшу мумкунбу? Адвокат керек.

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
03.04.2020 12:27

Саламатсызбы.

Нике сот тартибинде бузуулат,  куйөөңүздү жашаган жери же жайгашкан жери боюнча сотко никени бузуу жөнүндө доо арыз менен кайруулуңуз керек, арыз менен кошоо паспорт көчүрмөсү, никелешүү тууралуу күбөөлүк (түп нускасы), баланын туулгандыгы тууралуу күбөөлүк (нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), сиздин жашаган жериңизден тактама, жана 1000 сом мемлекеттик алым банк аркылуу төлөнөт.

Балаңыз жөнүндө, ата-энелер өздөрүнүн балдарына карата бирдей укукка ээ, ошондуктан эч ким сизден балаңызды тартып алганга укугу жок.

Юрист
04.04.2020 02:18

Саламатсызбы,

паспорт менен ЗАГСка (ЦОНго) кайырылып никелешүү тууралуу күбөөлүкту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөөлүкту кайрадан алсаныз болот.

 

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!