№107744: Мамлекеттик кызматкерге чек чогултуу
27.12.2019 | Просмотров: 846
Саламатсыздарбы.
Менин суроом томондогучо. Баардык мамлекеттик кызматкерлерди айына 10 000 сомдук чек чогултуп Салык кызматына тапшырылсын деп буйрук чыгыптыр. Мен озум мамлекеттик кызматта иштеймин. Бирок айылда жашаймын.
Биздин айылда ККМ апараттары анча онуго элек, мындан сырткары мен карызга же болбосо ККМ апараты жок дукондон соода кыламын. Эми мен айына 10000 сомдук чек тапшырбасам мага менин жетекчилигим тарабынан дисциплинардык чаралар колдонулат экен. Бул менин эмгектик укугумду бузулганы болобу.
Ушул корунушту жонго салган укуктук ченем актылары барбы менин укукгумду коргой ала турган.
Алдын ала рахмат.