№104703: Бирөөнүн ордуна кол тамга коюу

09.05.2023 | Просмотров: 1032

Жолдошум менин ордума кредиттик келишимге поручитель катары кол тамга койгон. Бул иш ички иштер органдарында каралып жатат, жолдошума «Документтерди жасалмалоо» айыбы тагылып, соттолобу?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
09.05.2023 23:00

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ

2021-жылдын 28-октябры № 127

379-берене. Документтердин жасалмасын жасоо

1. Даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документти жасалмалоо, башкача айтканда расмий документке билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү; же мындай документти сатып өткөрүү, ошого тете ошол эле максаттарда жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды сатып өткөрүү, —

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Билип туруп жалган расмий документти пайдалануу, —

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Башка кылмышты жашыруу же анын жасалышын жеңилдетүү максатында жасалган, ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, —

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!