№40786: Ажырашпай алимент толотсом болобу

07.10.2018 | Просмотров: 387

Куйом Бир жылдан бери бизди карабайт таштап койгон, 5 балам бар чону 13 жашта кичуусу 11айлык, ажырашпай туруп балдарыма Жана озумо алимент толотсом болобу. Куйоом орусиянын жараны алиментке Кыргызстандан берсемби,же россиядан берсемби айырмасы барбы Жана арыз жазгандан канча кундо кийин алимент толонсун деген приказ чыгат.

Азыркы убактан куйоом официальный иштебейт экен же твердый деп алимент чыгарып бере алабы же 50% болобу? 

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
08.10.2018 09:21

Саламатсызбы! Жашы жете элек балдарды багуу ата эненин экөөсүнүн тен бирдей милдети болуп эсептелет, ошондуктан сиздин күйөнүз балдарды багууга каралашпай жатса сиз күйөнүздөн, ажырашпай туруп деле алимент өндүрсөнүз болот, алимент өндүрүү үчүн сөсүз ажырашуу шарт эмес. Ошону менен эле бирге өзүнүзгө да алимент өндүрсөнүз болот, анткени сиздин колунуздагы баланыз 11айлык бала үч жашка чыкканга чейин аны кароону ишке ашырып жатасыз. Алимент өндүрүү үчүн сотко Россиядан же Кыргызстандан кайрылгандын айырмасы жок, анткени алимент өндүрүү боюнча соттук Чечим Россияда да ишке ашырылса болот (Минский конвенция негизинде). Негизинен алимент өндүрүү боюнча маселелер татаал маселелердин катарына кирет, ошондуктан квалификациялуу юристке же адвокатка кайрылгандыныз жөндүү. Кенири маалымат алуу үчүн +996 703 805 885, +996 777 805 885 и +996 550 105 363 телефону же saipov.u@yandex.ru почтасы аркылуу кайрылсаныз болот.

 

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!