№107422: Жоголгон тех паспортту кантип алса болот

08.12.2023 | Просмотров: 1059

Ассалом алейкум,

тех паспорт жоголгон жеңил унааныкы,бирок мен хозяин эмесмин техпаспорт то, техпаспорт боюнча ээси кайтыш болгон экен.

Кантип алсам болот эми техпаспорт?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
09.12.2023 20:42

Ассалам алейкум! транспорт каражаттарды олгон ээсинин жубайынын же мураскорлордун арызы боюнча Мамлекеттик унаа каттоо уюму унаанын мамлекеттик каттоонун документерин кайра калыбына келтирилет же соттун чечимин негизинде. 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо ЭРЕЖЕЛЕРИ (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302, 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436 , 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 , 2019-жылдын 17-июнундагы № 293 , 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 65. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун жоголгон же уурдалган каттоо документтерин төмөнкүлөрдүн негизинде кайра калыбына келтирүүгө жол берилет: — менчик ээсинин арызынын; — менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын; — Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын — паспортунун (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын же өкүлдүн туруктуу жашап турууга уруксатынын; — болгон тийиштүү каттоо документтеринин; — каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү… Подробнее »

Юрист
09.12.2023 20:43

66. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтери жоголгон, уурдалган учурда бардык зарыл болгон документтер берилгенден кийин жана белгиленген төлөмдөр төлөнгөндөн кийин, чектөөлөр болбосо, жаңы каттоо документтери берилет, мында транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жөнүндө электрондук маалыматтар базасына жаңы берилген каттоо документтеринин маалыматтары киргизилет, ал эми жоголгон, уурдалган жана жараксыз абалдагы каттоо документтери жокко чыгарылды деп саналат. Ушундай эле өзгөртүүлөр картотекалык эсепке алууга киргизилет.



Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro
https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
Twitter: @MuratbekAz

ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер».

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!