№68997: Военный билетимдин суротун кызым сыйрып жараксыз кылып салыптыр

22.10.2020 | Просмотров: 118

Менин военный билетимдин суротун кичинекей кызым сыйрып жараксыз кылып салыптыр эми мен кандай кылсам болот суротту эле алмаштыртамбы же войенный билет восстановления кыламбы? 

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
23.10.2020 10:10

Саламатсызбы,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы №509 токтому
менен бекитилген, Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/90176/85?cl=ky-kg&mode=tekst

67. Аскердик билеттерди, идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү, убактылуу күбөлүктөрдү (аскердик билеттин ордуна), альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүктөрүн, берүү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

Аскерге милдеттүүлөрдүн күнөөсү боюнча жоголгон же жараксыз абалга келген жогоруда аталган документтердин көчүрмөсүн берүү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылгандан кийин жүргүзүлөт.

Аскердик билеттерди, идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү, убактылуу күбөлүктөрдү (аскердик билеттин ордуна), аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктү, альтернативдик кызматтагы кызматкерлердин, даярдоо жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

 (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 522015-жылдын 5октябрындагы № 6822016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Урматтоо менен,

Муратбек Азимбаев

тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal

Эл.почта: muratbeka@gmail.com

Skype: muratbek.azimbaev

Юрист
23.10.2020 10:14

кошумча:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ 2017-жылдын 13-апрели № 58 (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111565/140?cl=ky-kg&mode=tekst

289-берене. Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин бузуу

1. Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин аскерге милдеттүү же аскерге чакырылуучу тарабынан бузуусу, аларды бузууга же жоготууга алып келсе —

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

27-берене. Айып пул

1. Айып пул акчалай жаза чарасы болуп саналат, бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте салынат.

2. Айып пул эсептик көрсөткүчтөр менен эсептелет.

3. Айып пул өлчөмү боюнча төмөнкүдөй сегиз категорияга бөлүнөт:

1) 1-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн — 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн — 50 эсептик көрсөткүч;

Урматтоо менен,

Муратбек Азимбаев

тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal

Эл.почта: muratbeka@gmail.com

Skype: muratbek.azimbaev

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!