№88009: Развод, кандай кылып сотко бере алам

20.01.2022 | Просмотров: 155

2 балам бар, ЗАГС бар, кандай кылып сотко бере алам. Жаны торогон балам менен уйдо отурам.

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
20.12.2021 13:36

Саламатсызбы!

Сиз жашаган жерден справка алыныз, балдарынызды уй- було курамына корсотуш керек. Балдардын туулгандыгы жонундо куболукторунун кочурмосун, нике куболуктун туп нускасын, паспорттунуздун кочурмосу, почта квитанциясы, мамлекеттик алымды тологон квитанцияны тиркеп сотко тапшырыныз.

Жашаган жердеги сотко кайрыласыз.

Юрист Сулайманова Нурила.

Юрист
20.12.2021 13:45

Саламатсыналарбы, 2003-жылдын 30-августу № 201 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2020-жылдын 17-августундагы № 135 акыркы Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1327/220?cl=ky-kg&mode=tekst 24-статья. Жубайлар никени бузууга өзара макул болушканда никени сот тартибинде бузуу   1. Ортодо жашы жетпеген балдары бар жубайлар никени бузууга өзара макул болушса, ошондой эле ушул Кодекстин 22-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жубайларды сот ажырашуунун жүйөсүн териштирбестен эле никени бузат. Жубайлар соттун кароосуна ушул Кодекстин 25-статьясынын 1-пунктунда каралган балдар жөнүндө макулдашууну берүүгө укуктуу. Мындай макулдашуу жок болсо, же эгерде макулдашуу балдардын кызыкчылыгын бузуп жатса, сот ушул Кодекстин 25-статьясынын 2-пунктунда каралган балдардын кызыкчылыгын коргоочу чараларды көрөт. 2. Сот тартибинде никени бузуу никени бузуу жөнүндө жубайлар арыз берген күндөн тартып кеминде бир ай өткөндөн кийин сот тарабынан жүргүзүлөт. 25-статья. Никени бузуу жөнүндө чечим чыгарылганда сот тарабынан чечилүүчү маселелер   1. Сот тартибинде нике бузулганда жубайлар жашы жетпеген балдары алардын кимиси менен жашай турганы жөнүндө, балдарын багууга жана(же) эмгекке жөндөмсүз жубайына каражат төлөп берүүнүн тартиби, бул каражаттардын… Подробнее »

Юрист
20.12.2021 13:49

26-статья. Никени бузууда анын токтотулган учуру

 

1. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никенин бузулушу жарандык абалдын актыларын жазуу китебинде мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып токтотулат, ал эми нике сотто бузулганда — соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

2. Сотто никени бузуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Сот никени бузуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун бул чечиминин көчүрмөсүн никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөн жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына жиберүүгө милдеттүү.

Никени бузуу жөнүндө күбөлүктү кимисинин болбосун жашаган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынан алганга чейин жубайлардын жаңы никеге турууга укуксуз.

Кризистик борборлордун дарек, телефондору https://mlsp.gov.kg/kg/2020/01/13/krizistik-borborlordun-darek-telefondoru/

«Миңдеген аялдарга жардам». Кыргызстандагы кризистик борборлор тууралуу беш факты https://ky.kloop.asia/2021/12/09/mi-degen-ayaldarga-zhardam-kyrgyzstandagy-krizistik-borborlor-tuuraluu-besh-fakty/

Бишкекте аялдарга биринчи муниципалдык кризистик борбор ачылат https://24.kg/kyrgyzcha/182011_bishkekte_ayaldarga_birinchi_munitsipaldyik_krizistik_borbor_achyilat/

Адреса и контактные телефоны кризисных центров для женщин по Кыргызстану https://mlsp.gov.kg/2020/01/13/adresa-i-kontaktnye-telefony-krizisnyh-czentrov-dlya-zhenshhin-po-kyrgyzstanu/

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!