Мен учур 3 балам бар жалгыз бой энемин пособия мен кантип алам?
№69853 | 12.12.2021 | Просмотров: 309
Мен учур 3 балам бар жалгыз бой энемин пособия мен кантип алам?
жумушум жооок иштейин десем балдарым кичине
Мен учур 3 балам бар жалгыз бой энемин пособия мен кантип алам?
жумушум жооок иштейин десем балдарым кичине
Саламатсызбы,
Жашаган жериниз боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылыныз.
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат «Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат: 16 жашка чейинки балдары бар; Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек? “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес. «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат? «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат: – айлык акы, стипендия; – ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде); – жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар. «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт? «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт: – пенсиянын бардык түрлөрү; – мамлекеттик жөлөкпулдар; – сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар; – кош бойлуулук жана төрөт… Подробнее »
Жергиликтуу бийлик органдарына кайрылыныз, ал жерде атайын социалдык маселелерди караган болум бар.