№68035: Жолдошум каза болуп, эки балма беш жылдан бери айына 1000дон 2000мин жолок пул аламын

11.09.2020 | Просмотров: 185

Мен Кадамжай районунда каттоодо турамын, жолдошум каза болуп, эки балма беш жылдан бери айына 1000дон 2000мин жолок пул аламын.

Жашоо шартка байланыштуу Баткенде жашаймын, балдарым да Баткенде окушат, Кадамжайдагы соцпомоштогу кызматкерлер чалып, кайсы жерде жашасаныз балдардын документини ошол жактын соцпомошуна которуп кетиниз, болбосо жолок пул алалбайсыз дешти.

Каттоодо болсом , чарба китептерим деле бар.

Кадамжайдан эле ала берсем болбойбу?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
11.09.2020 09:19

Саламатсыналарбы, Кадамджайдан жашаган жеринизден справканын негизинде жөлөк пул аласыз. Мамлекеттик жөлөкпулдар алуучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ичинде каралат. Арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул бала (балдар) алуучу менен бирге жашаган учурда дайындалат. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү: 1) "балага сүйүнчү" — ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө; 2) "үй-бүлөгө көмөк" — 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул; 3) "социалдык жөлөкпул" — пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул. Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленет. Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар жана төмөнкү куракка жеткен: эркектер — 65 жаш, аялдар — 60 жаш; баатыр-энелер — 55 жаш үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун… Подробнее »

Юрист
11.09.2020 14:44

Саламатсызбы

сиз ушул маселе менен алардан кагаз турундо маалымат алышыныз керек.

кийин прокуратурага барып мыйзамдуулугун текшерип алдыртсаныз болот.

Маселелер болсо кайрылсаныз болот:

+ 996 (880) 10-15-94 (WhatsApp, Telegram)

+ 996 (704) 28-60-99 (WhatsApp, Telegram)

электронная почта: legislator95@gmail.com

электронная почта: Lawyer.talas@gmail.com

Instagram: lawyer.kg

С уважением,

Жаныбеков Нурсултан Жаныбекович

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!