№75566: Жеке смс жазышууну жайылтуу боюнча

15.07.2021

Саламатсызбы,

жолдошума жазган уюлдук телефондогу каттарды жолдошумдун телефонунан байкеси туугандарына окутуп мени баарына уят кылып, жаманга чыгарды. Эки балам менен ажырашуу алдында турабыз. Ал экообузго гана тиешелуу создор жазылган кат эле.

Мыйзам алдында байкеси жоопко тартылабы?

Вам ответил
15.07.2021

Саламатсызбы!

Сиз жазып кеткен жагдайда кааласанар укук коргоо органына (милицияга) куноолуу адаммды кылмыш жоопкерчилигине атртып берууну сураным томондогудо  Кыргыз Респбуликасынын жазык кодексининен узунду беренелери менен арыз жазып кайрылуугу укугунуз бар.

186-берене. Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу

1. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары, адамдын жеке жашоосу жөнүндө купуя маалыматты анын макулдугусуз мыйзамсыз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу, — IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Жеке же үй-бүлөлүк сырды чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарында чыкканда, же болбосо башка жалпыга чыгууларда мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, — IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

189-берене. Кат алышуу жашыруундуулугун бузуу

1. Кат алышуунун, телефондук же башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, байланыш каражаттарын же компьютерди пайдалануу менен берилүүчү телеграф, электрондук же башка кабарламалардын жашыруундуулугун бузуу, — IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Маалыматты жашырын алуу үчүн багышталган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, — IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Урматым менен, А. Сыдыков.

Контакттар: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.

  • Авторизация
    *
    *
    Регистрация
    *
    *
    *
    Пароль не введен
    *
    Поставьте галочку
    Генерация пароля