ЗАГС кандай алсам болот

№96169 | 08.06.2022 | Просмотров: 1533

Менин куйом камалыб калды биз закг ала елекпиз еми кантиб загс алсак болот куйомун паспорту жоголду

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
08.06.2022 12:12

Саламатсыналарбы,

Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы

№ 90 токтомуна) Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама

37. Соттолгон адам никелешүү жөнүндө арыздын өзүнүн маалыматтарына тийиштүү бөлүгүн толтурат. Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы, соттолгон адамдын колу тийиштүү документтерди (соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту), аталган түзөтүү мекемесинде кармалгандыгы тууралуу маалым катты) берүү менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан текшерилет жана күбөлөндүрүлөт.

Соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (паспорту) жок болгон учурда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.

38. Соттолгон адам менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдардын катышуусунда, түзөтүү мекемесинин администрациясы аныктаган жайда жарандык абалдын актыларын жазуу органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

С уважением,
Муратбек Азимбаев

тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com

 Twitter: @MuratbekAz

ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом “Дисклеймер”.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!