№51488: Үй салууга уруксат берүү

23.06.2019 | Просмотров: 347

Саламатсыздарбы,

мага үч төрт ай мурда айыл-өкмөт үй салууга токтом чыгарып берип архитектура проектисин чийип берген эле, эми фундамент куюп баштасам токтотуп тур деп жатышат. Токтом чыгарып бербедиңер беле десем токтомду кайра кайтарып алабыз деп жатышат, токтомду кайтарып алууга болобу,ал жердин кызыл китебин ала элекмин бирок айылдык кеңештин депутаттарынын дагы токтому бар.

Токтомду кайра жок кылууга болобу?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
23.06.2019 23:15

Негизинен жеке турак үй куруу үчүн жарандарга жер бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 6.05.2005-жылдагы №177 Токтому менен бекитилген Жобонун тартибинде жүргүзүлөт. Эгерде Жобонун талаптарын бузуу менен чыгарылган Токтом (жерге) болсо анда такташа турган маселелер пайда болот. Ошондуктан жер боюнча тиешелүү түшүнүгү бар адистер же юрист адвокаттар менен кенешкениниз туура болот.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!