№96143: Уйду залогдон чыгаруу

07.06.2022 | Просмотров: 754

Бир нече жыл мурун уйду залогко коюп, кредит алганбыз. Кредитти толоп бутконбуз бирок, Уй залогдон чыгарылган эмес экен. Кантип уйду залогдон чыгарабыз, жол-жобосу кандай? 

Ким жооп берсе, алдын ала чоон рахмат!

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
11.06.2022 12:13

Саламатсызбы!

жөнөкөй сөз менен айтканга аракет кылайын. Сиз биринчиден Банкка кайрыласыз, алар силерге кат жасып беришет, доверенность үчүнчү кишиге (анткени үйдүн ээси өзу аресттен чыгара албайт мыйзам боюнча) анан уведомление Госнотариуска. Сиз жана доверенность кимге жазылса ошо киши менен чогуу (паспортун алып алсын) жана банктан берилген кагаздарды алып үйуңуз кайсы районго каралса ошол райондун госнотариусуна барасыз. ал жерден госпошлина 120 сом төлөйсүз, кагаздарды бересиз. залогдон чыгарып, кайра сизге уведомлениени берет Госрегистрге. аны алып госрегистрге барасыз жана тапшырасыз. 6 сааттан кийин регистрациядан өтүп залогдон чечилет.

же болбосо оңой жолу дагы бар. кредитти толугу менен төлөп бутүрсөңөр, банкка барып залогдон бошотуп бериңиз деп суранасыз. ал учурда банктын өкүлү өзү барып залогдон чечип берет.

Юрист
07.06.2022 09:42

Саламатсынадарбы, банка кайрылыныз. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2005-жылдын 12-марты № 49 Күрөө жөнүндө 83-статья. Күрөөнү токтотуунун негиздери 1. Күрөө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде, ушул Мыйзамда жана күрөө жөнүндөгү келишимде каралган негиздер боюнча толук же жарым-жартылай токтотулат. 2. Күрөөнү токтотууда күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө билдирме түзүүгө; 2) эгерде күрөөнүн жүйөсү катталууга тийиш болсо, бул билдирме күрөөнү мамлекеттик каттатууну жүзөгө ашыруучу органда/органдарда каттатууга; 3) 3 күндүн ичинде күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө Күрөө каттоо конторасына билдирсин; 4) мурдагы жана кийинки күрөөлөр боюнча карызкордун (күрөө берүүчүнүн) же күрөө кармоочунун талабы боюнча аларга билдирменин көчүрмөлөрүн берүүгө. 3. Билдирме жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөндөгүдөй маалыматтарды камтышы керек: 1) карызкордун (күрөө берүүчүнүн) аталышын (ысымын) жана турган жерин (жашаган жерин); 2) күрөө кармоочунун аталышын (ысымын) жана турган жерин (жашаган жерин); 3) күрөөнү токтотуу үчүн негиз болуп саналган жагдайларды; 4) карызкордун (күрөө берүүчүнүн) жана/же күрөө кармоочунун пикири боюнча зарыл деп саналган дагы башка маалыматтарды; 5) билдирменин датасын жана… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!