№45445: Мен кызыма туулгандыгы тууралуу куболук алайын дегем

30.01.2019

Саламатсыздарбы,

мен кызыма туулгандыгы тууралуу куболук алайын дегем. Куйоом Россияда. Менде роддомдон справка, нике тууралуу куболук, менин паспортум бар. Биз куболук алып Россияга куйоомдун жанына баралы дегенбиз.

Жардам беруунуздорду сурайм.

Рахмат.

Вам ответил
30.01.2019

Туулгандыкты мамлекеттик каттоо баланын туулган жери боюнча же ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жашаган жери боюнча жарандык абал актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Ата-энеси (ата-энесинин бири) баланын туулгандыгы тууралу жарандык абалдын актыларын жазуу органына жазуу формасында билдирет.

Эгерде баланын ата-энесинин өздөрүнүн баланын туулгандыгы тууралу билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбосо баланын туулгандыгы тууралу ата-энесинин биринин туугандары же ата-энеси (ата-энесинин бири) ыйгарым укук берген адам, болбосо төрөт учурунда энеси төрөгөнү жаткан же бала төрөлгөн медициналык уюмдардын же башка уюмдардын кызмат адамы тарабынан билдирилүүсү мүмкүн.

Бир эле учурда баланын туулгандыгы тууралу арыз менен бирге баланын туулгандыгынын тууралыгын тастыктаган документ берилүүгө тийиш, ошондой эле ата-энесинин (ата-энесинин биринин) инсандыгын ырастаган же арыз берүүчүнүн ыйгарым укугун тастыктаган жана баланын туулгандыгы тууралу жазуу актысына атасы тууралу маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болгон документтерди берүүлөрү тийиш.

0
Авторизация
*
*
Регистрация
*
*
*
Пароль не введен
*
Поставьте галочку
Генерация пароля