№46051: Солтон Сары, Мен нарын районунун Мин-Булак айыл аймагынан жазып жатам. Бизде Солтон-Сары деген жайлообуздун Бучук участкасынан алтын чыгат

19.02.2019

Саламатсызбы!

Мен нарын районунун Мин-Булак айыл аймагынан жазып жатам. Бизде Солтон-Сары деген жайлообуздун Бучук участкасынан алтын чыгат. 2008 жылы Жонгжи Майнинг компаниясы лицензия алган разведкага. 2014 жылы поиск. 2017-жылдын 18- апрелинде айыл окмоту 150 дой тургундарды чогултуп, алардын тенинен кобу каршы экенин эске албай аким,губернатордун ж.б. катышуусунда протокол жазып токтом буйрук чыгарган. Протоколго жонгжи майнинг компаниясынын иштоосуно каршымын деген адамдардын создорун бурмалап макулдугун берди деп жазып коюшкан. Мин-Булак эли бул кытай компаниясынын иштешине каршы себеби компания иштечу жер суунун башында турат ошол сууну ичебиз, ошол суу менен жер сугарабыз. Компания иштеп баштаса суу булгануу , соолуп калуу коркунучунда,анткени монгулор талкаланат. Ошол эле жерге хвостохранилище курулат. Суубуз, жерибиз булганса кайда барып жашайбыз деген суроо туулат экен. Депутаттарга да айыл окмотуно да мындай кылбагыла десек болушпайт, акча алышкан окшойт. Кандай жолун таап токтотсок болот? Рахмат.

Вам ответил
19.02.2019

Доброго дня, я же вам посоветовал обратиться к местным адвокатам, поскольку нужно ознакомиться со всеми документами, что у вас есть по этому вопросу. Удачи.

Вам ответил
17.02.2019

Доброго дня, по вашему вопросу рекомендую обратится к адвокату по месту жительства, поскольку нужно изучить все ваши документы по участку и дать оценку законности действиям компании и местной администрации. Удачи.

Войти используя ваш аккаунт