№61496: Менин кызмат ордум кыскартылып жумушсуз калдым

04.04.2020 | Просмотров: 453

Менин суроом томондогудой: Мен аэропортто инспектор болуп иштейм. Мен ГИК дан ипотекага квартира алганмын. Эми менин кызмат ордум кыскартылып жумушсуз калдым. Балдарым жаш чону 10 жашта,  кичуусу 2 жашта. Башка кирешем жок болгондуктан кредит толоого мумкунчулугум жок.

Суроо: Уй булоолук абалыма байланыштуу кандай женилдиктер каралган?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
05.04.2020 12:58

Саламатсызбы,  КР Эмгек кодексинин 87-статьясы: Уюмду жоюуга же кызматкерлеринин санын же штатын кыскартууну жүргүзүүгө байланыштуу, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу эмгек келишимин бузууда бошотулган кызматкер үчүн иш издөө мезгилине, 3 айдын ичинде, эгерде ал иштен бошогондон кийин 10 жумушчу күндүн ичинде жумуш издеген адам катарында иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматында катталган шартта чыгуу жөлөкпулун эске алуу менен орточо айлык эмгек акысы сакталат. Иштен бошотулган күндөн тартып биринчи айда кызматкерге эки айлык эмгек акыдан төмөн эмес өлчөмдө чыгуу жөлөкпул төлөнөт, иш издеген экинчи жана үчүнчү айларда кызматкерге орточо айлык эмгек акы сакталат. Эгерде үч айлык мезгил бүткөндө иштен бошогон кызматкерге ылайык келүүчү иш берилбесе, ошондой эле көрсөтүлгөн мезгилде ал сунуш кылынган мындай эки иштен баш тарткан учурда жумушсуздук статусуна ээ болот. Жолокпул боюнча: Жумушсуздук боюнча жөлөкпул — стаж аркылуу саналат (300-500 с). «Үй-бүлөгө көмөк» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат: 16 жашка чейинки балдары бар; Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!