№46041: Мен уйлонуп ажырашканмын бир балам бар ЗАГС жок

15.02.2019 | Просмотров: 61

Мен уйлонуп ажырашканмын бир балам бар ЗАГС жок, бирок балама фамилиямды бергенмин. Азыр экинчи турмушумдан эки уулум бар, эч жерде иштебеймин. Бринчи аялым сотко арыз менен кайрылып алимент кырктырып алыптыр. Айына 3500 сом. Кантип азайтсам болот же жокко чыгарсам болот. Айылда жашаймын иштейин десем жумуш жок.

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
15.02.2019 07:39

Кыргыз Республикасынын үй бүлөөлүк кодексинин 124-беренесинин талаптарына ылайык, Сиздин материалдык жана үй бүлөөлүк абалыныз өзгөрсө сот аркылуу алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө (аздатууга) укугунуз бар, ал үчүн Сиз тиешелүү тартипте сот органына арыз менен кайрылуунуз зарыл.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!