№44838: Мен кыргызстанда загска заявление таштадым,

16.01.2019 | Просмотров: 61

Саламатсыздарбы;

мен кыргызстанда загска заявление таштадым эле ана кайра келе бердим аялым барып алайын десе куйоонда керек деп бербепти жакында аялым келет москвадан алсак болобу, болсо кандай докменттер керек болот алдын ала?

рахмат

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
16.01.2019 09:23

Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Мыйзамдын 27-беренесинин 4-пунктунун талаптарына ылайык, никеге турууну мамлекеттик каттоо никелешкен адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Ошондуктан аталган берененин 9-пунктуна ылайык, жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси, эгерде никеге турууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар далилдүү аныктоолор менен такталса никеге турууна мамлекеттик каттоодон баш тарткан.

Ал эми Үй бүлөө кодексинин 164-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жашаган КР жарандарынын ортосундагы никелешүү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде жүргүзүлөрү көрсөтүлгөн.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!