Окуучунун укугу тебеленип жатат

№30046 | 06.12.2017 | Просмотров: 587

Саламатсыздарбы, урматтуу укук коргоочулар!

Мен эки неберем менен айыл жеринде турам, мында турганыбызга 5 жылдан ашты. Балдардын ата-энеси чет өлкөдө мигрант. Неберемдин чоңу башталгыч класста окуйт. Бир ай мурда “апа, бычак такап, акча талап кылып атышат” дегенин үндөбөй эле койгом, ошол эле чоң класстын окуучу балдары кечээ жакында неберемди уруп дагы акча талап кылышып, эгер алып барбаса күндөн-күнгө көбөйтө берүүсүн айтышыптыр. Мен акча берген жокмун. Ал күн тынч өттү, эртеси күнү койгон жеримде акча жок, сурасам алып барып бергенин айтты. Буга чейин неберем уйд акча жоголбогон. Участковыйга кайрылып, аны менен мектепке бардык. Жөн сөзгө келбей, мугалимдер талап кетишти, маселе оңуна чечилген жок, күнөөнүн баарын неберем экөөбүзгө оодарышты. Иш ушуну менен токтоп калды.

Илгери мындай нерсени бата-энелер менен мугалимдер чогуу чечишет элек. Мындай мамилеге көз жумсам да кенедей балага “өзү жалганчы” деген жалааны коюп, моралдык жактан аң-сезимине зака кетирип жатышат. Эми неберемди мектепке жөнөтпөй отурам, биринчи себеби ага зыян жетип калуусунан корком, экинчиси шылдыңга кабылат.

Кандай кылып кимге кайрылсам болот, менде кандай укук жана мүмкүнчүлүктөр бар?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
06.12.2017 20:51

Саламатсызбы, Сиздин айылдагы неберелериниз окуган мектептин мугалимдеринин иш аракеттери боюнча (өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы боюнча) алардын жетекчилигине кайрылсаныз (райондук билим берүү башкармалыгы) болот, мындан тышкары укук коргоо органдары жана башка көзөмөл органдарына (прокуратура) атайын арыз менен кайрылсаныз да болот.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!