№70565: МВД, мен альтернатив кызмат отогом

22.01.2021 | Просмотров: 211

Асалому алейкум, урматуу юристер

Мен альтернатив кызмат отогом. Аскердик билетимде годный деп жазылган уйдо 3 адамбыз, агам офицер, атам жлк ушул военный билет менен МВД га кире аламбы??

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
23.01.2021 13:04

Саламатсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 25-июлу № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111956/10?cl=ky-kg&mode=tekst 0-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүнүн шарттары 1. Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары — жарандар) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат. 2. Аскердик кызматтан, запастагы офицерлердин жана альтернативалык кызматтын программасы боюнча аскердик даярдыктан милдеттүү түрдө өтүү жөнүндө талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт: 1) аялдарга; 2) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларды, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларын аяктаган адамдарга; 3) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларына же аскердик окуу жайларга, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларына окууга жиберилгендерге;… Подробнее »

Юрист
23.01.2021 14:52

Ички иштер кызматкерлерине карата коюлган талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жараны катары ыктыярдуу тартипте кызмат өтөсө болот.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!